Жалпысынан жети кишиге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлду. Ушул фактыга байланыштуу былтыр жыл этегинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева камакка алынган эле.
Судьяларга козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Бишкек шаардык сотунун үч, Жогорку соттун да үч азыркы судьясына жана бир мурдагы судьясына «Коррупция» беренеси менен айып тагылды. Тергөөдө судьялар кылмыштуу топтор менен тымызын келишип алганы, алардын пайдасына чечим чыгарганы аныкталды.
- Бул судьялар чет өлкөлүк инвесторлордун кыймылсыз мүлкүн, жерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар кылмыштуу топтордун кызыкчылыгына мыйзамсыз чечим чыгарган факты аныкталды. Кылмыштуу топтор чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн, объектилерин мыйзамсыз ээлеп алганы, буга байланыштуу мыйзамсыз сот чечимдери чыкканы такталды, - деди УКМКнын өкүлү.
Атайын кызмат менен башкы көзөмөлдөөчү орган кылмыш иши козголгон судьялардын атын ачыкка чыгара элек. Бирок алар былтыр жыл этегинде камакка алынган Бишкектеги Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркееванын иши менен байланышы бар экени ырасталды.
Элвира Жаркеева 2018-жылы декабрда андан эки жыл мурун чыгарган чечимине байланыштуу камакка алынган. Жаркеевага жалпысынан үч кылмыш иши козголгону маалым болгон. Аны кызматынан былтыр август айында президент Сооронбай Жээнбеков Соттор кеңешинин сунушу менен бошоткон. Судья мунун алдында ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу кытай жаранынын арызы боюнча чечим чыгарган. Башкы прокуратура бул арыз мыйзамсыз болгонун, кытайлык жаранга Кыргызстанда «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөнүн билдирген.
«Коомдук талдоо институту» уюму судьяларга байланыштуу жагдайларга мониторинг кылып, Соттор кеңешинин Тартип комиссиянын чечимдерине байкоо жүргүзүп келет. Уюмдун жетекчиси Рита Карасартова Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин козгоо оңой-олтоң эмес экенин белгиледи:
- Тергөө Жаркееванын иши боюнча «бул жакта коррупция болгон» деп далилдеди. «Ал чыгарган чечимдин тагдыры эмне болду?» деп жогорку инстанцияларды караса, баары Жаркееванын жазганы менен кеткен окшойт. Жаркееванын изи менен эле башкаларга, Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин козгоп жатышат. Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин козгоо оор. Мыйзамда «жокко чыгарылган чечим боюнча» деп жазылып калган. Ал эми Жогорку соттун чечимдерин эч ким жокко чыгара албайт да. Бул жерде ылдый жактан өйдөгө чыккан учур болуп жатат.
Былтыр июль айында башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына - Арзыбек Акыевге, Качыке Эсенкановго, Каныбек Бокоевге кылмыш ишин козгогон. Аларга «азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган» деп айып коюлган. Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Арзыбек Акыевге гана сөгүш берүү тууралуу чечим чыгарган.
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов судьяларга козголгон соңку кылмыш ишинин артында мурдагы бийликтин тушунда таасирлүү кызматта турган айрым адамдардын аты аталышы ыктымал экенин билдирди:
- Мунун артында көптөгөн аткаминерлер турат. Сотторго козголгон кылмыш иштери Манас Арабаевге барып такалышы мүмкүн. Анткени соттордун үстүндө ошол турган да. Мен муну анын жеке буйругу деп ойлойм. Болбосо соттор өз алдынча муну кылбайт эле. Бишкектеги «Учкун» концернинин жанындагы алты подъездден турган 12 кабат үйдү башка бир ишкерлерге алып берип коюшкан. Бул жерде Абдил Сегизбаевдин, Индира Жолдубаеванын да «кулактары» чыгышы мүмкүн. Анткени алардын ошол үйдө батирлери бар, үлүштөрү бар. Анын баарын терең изилдесе эле чыгат.
Макала жазылып жаткан кезде аты аталган адамдар менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. «Азаттык» алардын пикирине орун берүүгө даяр.
Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов бир иш боюнча бирдей чечим чыгарган соттун үч инстанциясынын судьяларына кылмыш ишинин козголушу буга чейин дээрлик болбогонун айтты:
- Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьялары кандайча коррупция кылганын аныктоо чынында кыйыныраак. Азыркы иште «соттун үч инстанциясын тең сатып алып койгон» деген жагдай болуп жатат. Биздин тажрыйбада мындай учур болгон эмес. Соттордун төрагалары көбүрөөк мөөнөткө шайланып, ал соттордун ишине жооп берчү. Ошон үчүн туруксуздук болчу эмес.
Расмий маалымат боюнча, былтыр Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими менен беш судья иштен четтетилген. Дагы тогузу сөгүш, ал эми 20 чактысы эскертүү алган. Жалпысынан беш судьяга кылмыш иши козголгон.
Тактап айтканда, Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Айнагүл Жоробековага «Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен иш козголгон жана тергелип бүтүп, сотко өткөн.
Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Башкы прокуратурага Чүй облусунун Москва райондук сотунун ошол кездеги судьясы Марлес Феликсти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жана ал кызматтан алынган.
Ошондой эле Бишкектеги Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Калган эки судьяга кайсы негизде иш козголгону ачык айтылган эмес.