Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Депутаттын дооматынан кийин түрк лицейинин жетекчилиги иштен кетти


Кыргыз-түрк “Манас” университетинин короосунда жайгашкан башталгыч түрк мектеби.
Кыргыз-түрк “Манас” университетинин короосунда жайгашкан башталгыч түрк мектеби.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте жайгашкан түрк башталгыч мектебине байланыштуу ЖМКга жана социалдык тармактарга чыккан дооматтар тууралуу 22-февралда билдирүү таратты.

“Бул маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайынын мүдүрү жана орун басарлары кызматынан четтетилип, алардын ордуна убактылуу жаңы жетекчилер дайындалды. Түркиядан келе турган инспекторлор зарыл болгон текшерүү иштерин алып барат. Мындан тышкары, бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүрүп жатат. Керектүү бардык маалыматтар, документтер берилди жана көмөк көрсөтүлүүдө”, - деп жазылган ал билдирүүдө.

Кечээ, 21-февралда депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин отурумунда Бишкектин Жал кичирайонундагы түрк башталгыч мектебинин жетекчилигин ыдык көрсөтүүгө айыптаган. Эл өкүлү ага ата-энелер даттанганын, директор окуучуларды иш бөлмөсүнө алып кирип, адепсиз аракеттерди жасаганын айткан.

Карамушкина Кыргыз-түрк “Манас” университетинин короосунда жайгашкан бул мектеп лицензия албай иштеп жатканын жарыялаган. Анын айтымында, соңку фактыга байланыштуу ИИМ менен УКМК тергөө иштерин алып барууда.

Аталган эки орган жана Билим берүү министрлиги бул жагдайга байланыштуу комментарий бере элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG