Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

“Мегакомдун” 345 млн. сомдук келишими парламентте суроо жаратты (видео)


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «“Альфа Телеком” ишканасы эмненин негизинде “КТ мобайл” компаниясына миллиондогон акча которушу керек?» деген маселе көтөрүлдү. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева кеп 345 миллион сом тууралуу жүрүп жатканын айтып, эки ишкананын кызматташтыгынын башка жолдорун издеп көрүү зарыл болчу деген оюн билдирди:

- “КТ мобайл” тууралуу ал радиожыштыктарды пайдалануу укугуна ээ экени тууралуу гана маалыматыбыз бар. Башка жок. Интернетте «“Мегаком"​ бул компанияга кызматташтык тууралуу келишим боюнча 345 миллион сом төлөп бериши керек» деген кабар жүрөт. Мындай акча эмненин негизинде төлөнүшү зарыл? Эмне үчүн биз “КТ мобайл” деген белгисиз уюк компаниясын жандандырышыбыз керек?

​«Альфа Телеком» жабык акционердик коому «Мегаком» деген ат менен белгилүү. Анын акцияларынын 100% мамлекетке таандык.

Депутаттын айткандарына компания өз жообун даярдап жатат. Анын Интернеттеги расмий сайтына 2018-жылдын 7-декабрында «КТ Мобайл» менен келишим түзүлгөнү, радиожыштыктарды биргелешип пайдалануу «Мегакомдун» уюк байланыш кызматынын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачылары тууралуу кабар чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG