Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Сот Ашым Зайналиевдин ишине тыюу салды


Ашым (Хашим) Зайналиев.
Ашым (Хашим) Зайналиев.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ашым (Хашим) Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын жеке медициналык дарылоо жүргүзүшүнө, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай өтүнүч менен сотко райондук прокуратура кайрылып, саламаттык сактоо боюнча тиешелүү орган Зайналиевге лицензия бербегенин жана ага карата буга чейин козголгон кылмыш ишин жүйө келтирген.

Ашым Зайналиев "2016-жылы бирөөнөн алдап акча алган" деген күнөө менен былтыр 22-декабрда кармалып, тергөө бүткөнгө чейин камалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган деп Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу" жана “Алдамчылык” беренелери менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган.

Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин Зайналиевге карата кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра жабылып калган. Министрлик ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.

Табыптын тарапкерлери анын колунан айыккан адамдар бар экенин айтып жүрүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG