Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Быйыл бардык сот залдарында аудио жана видео система орнотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстандагы бардык сот залдарында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулат. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти кабарлады.

Департаменттин директору Рустам Ибраимовдун айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 72 жергиликтүү сот органы бар. Алардагы сот залдарынын жалпы саны 159.

Учурда 73 залда аудио жана видео жаздыруучу аппарат бар, калгандарынын баары мындай система менен жылдын аягына чейин камсыз болот.

Максат – соттук жыйындын катышуучуларынын тартип бузууларын алдын алуу жана протоколдун толуктугун камсыз кылуу.

Быйылтан тартып Кыргызстанда жаңы Жазык-процесстик кодекс ишке кирди. Мындан тышкары, учурда “Сот системасын өнүктүрүү” мамлекеттик программасы ишке ашырылып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG