Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Токтакунов: Сапар Исаковдун иши сотко өткөнүнөн кабарым жок


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Осмонбек Артыкбаев айыпталып жаткан кылмыш иши сотко өттү.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка ылайык, Башкы көзөмөл органы УКМКнын бул иш боюнча айыптоосун бекитип, сотко ашырды. Кийинки териштирүү Свердлов райондук сотунда болот.

Бирок Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" ​бул боюнча маалыматы жок экенин билдирди:

- Мен азырынча айыптоо корутундусун ала элекмин. Мага айыптоо корутундусун бербей туруп, ишти сотко ашыруу мүмкүн эмес. Тергөөчү менен кечээ сүйлөшкөнбүз, ал мага "телефон чалып айтам" деген, бирок чала элек.

Токтакуновдун айтуусунда, 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы көзөмөл органы беш күн ичинде айыпты бекитип, айыпталып жаткандарга угузууга тийиш эле. Андан кийин иш сотко жөнөтүлмөк. Сот ишти алгандан кийин он күндүн ичинде баштапкы угууларды өткөрүшү зарыл.

Буга чейин адвокат иштин материалдары 53 том болгондуктан аны менен таанышууга жетишпей жатканына даттанган.

УКМК Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктаганын 8-январда билдирген. Ага ылайык эң негизги айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго коюлган. Исаков өзү бул иште саясий боёк бар экенин билдирип, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып жатат.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен Сапар Исаков 13-февралга чейин камакта калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG