Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:58

Москвада Ооганстанда тынчтык орнотууга арналган сүйлөшүүлөр уланууда


Москвадагы ооган диаспорасынын жетекчилеринин бири Гулам Мохаммад Жалал. 4-февраль, 2019-жыл.
Москвадагы ооган диаспорасынын жетекчилеринин бири Гулам Мохаммад Жалал. 4-февраль, 2019-жыл.

Анда талибдер менен ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрү, анын ичинде мурдагы президент Хамид Карзай өлкөдөгү согушкерлердин чабуулун токтотуп, тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүп жатышат. Жолугушууга ооган өкмөтүнөн эч ким келген жок. Ооган президенти Ашраф Ганинин администрациясы бул сүйлөшүүнү сынга алды.
Батыш маалымат каражаттарынын баамында, тынчтык сүйлөшүүлөрү илгерилеп баратат.

Кремль бул жолугушууну уюштурууга тиешеси жок экенин билдирип, жоопкерчиликти Москвадагы ооган диаспорасына жүктөдү. Адистердин айтымында, мындай маанидеги жолугушуу Кремлдин макулдугусуз өтмөк эмес.

Эки жума мурун АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен Катардагы жолугушкан. "Нью-Йорк Таймс" басылмасы Халилзадга шилтеме кылып, Катардагы жолугушууда АКШ менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкенин жазды.

30-январда “Талибандын” басма сөз катчысы Сухаил Шахин куралдуу кыймыл келечекте бийликти толук ээлеп албай, мамлекеттик институттар менен кошо иш жүргүзөрүн билдирди.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстан президенти Ашраф Гани менен сүйлөшкөн сөзүндө ички диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи. Помпео да өлкөдө тынчтыкты орнотуш үчүн ооган өкмөтү, талибдер жана башка лидерлер менен чогуу сүйлөшүүсү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу Мамдепартаменттин өкүлү Роберт Палладино кабарлады.

XS
SM
MD
LG