Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Курулуш тармагы боюнча парламенттик угуу болот


Бишкекте урап түшкөн курулуштардын бири. 2017-жыл.
Бишкекте урап түшкөн курулуштардын бири. 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети уюштуруп жаткан парламенттик угууда «Курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамга»​ сунуш кылынган өзгөртүүлөр талкууга алынат.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү өкмөт сунуш кылып жатат. Бул үчүн курулушчулар маанилүү объектилерди курууда долбоордук документттерди макулдашууда бир катар тоскоолдуктарга учурап жатканын билдирип, аны жөнгө салуунун зарылдыгын жүйө келтирген.

Негизинен азыркы мыйзамдан “курулушка уруксат берүү” деген жол-жобону алып салуу жөнүндө сунуш түшүп жатат.

Кыргызстанда курулуш өлкө экономикасынын өнүгүү темпин аныктоочу тармак экени айтылып жүргөн менен башаламан салынып жаткан имараттар жана алардын коопсуздугу да башкы маселелердин бири.

XS
SM
MD
LG