Грециянын парламенти кошуна Македония менен мамилелерди жакшыртууга багытталган тарыхый келишимди жактырды. 25-январдагы добуш берүүдө документти 153 депутат колдоп, 146сы каршы пикирин билдиришти. Добуш берүүнүн алдында Афиныда нааразылык акциялары өткөн.
Былтыр жайында кол коюлган келишим Македонияны НАТО жана Европа Биримдигине кошулуу максатына жакындатмакчы.
Келишимге ылайык, Македония өлкө аталышын Түндүк Македония жумурияты деп өзгөртүшү керек. Бирок социалдык изилдөөлөр көргөзгөндөй, гректердин көбү кошуна өлкөнүн аталышын өзгөртүүгө жана Македония деген аталыштын Грециядан тышкары жерде айтылганына каршы. Эмне дегенде өлкөнүн түндүгүндө ушундай эле аталыштагы аймак бар.
Азыр Мурдагы Югослав жумурияты Македония деп расмий аталат.
Греция парламентинин макулдашууну жактырышын Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү кубатташты.
Македониянын мыйзам чыгаруучулары документти буга чейин ратификациялашкан.