Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Жол коопсуздук эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азатыкка” ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтымында, экспертизанын баштапкы жыйынтыгы боюнча милиция кызматкери мас абалында рулга отурганы аныкталды. Учурда ишти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергеп жатат.

21-январь түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автомашина менен “Тойота Авенсис” автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги 34 жаштагы келин каза болгон. Ал эми машиненин айдоочулары оор абалда ооруканага жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова алардын бири Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө, ал эми экинчиси улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүндө дарыланып жатканын билдирди.

Кырсыктан каза болгон жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери экендиги белгилүү болду. Кылмыш үчүн айыпталып жаткан жаран 1993-жылы туулган. Ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп бир жылдан бери иштеп келген. (AlS)

XS
SM
MD
LG