Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Бишкекте айнегин караңгылаткан автоунаалар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана жол министрлиги Ички иштер министрлиги менен кошо машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыппул салыш үчүн рейд өткөрүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, соңку ай ичинде машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган айдоочулар көбөйүп кеткен. Учурда шаардын көчөлөрүндө рейд жүргүзүлүп, мыйзам боюнча 5500 сом айып салынып жатат.

Январдан тартып күчүнө кирген эрежелерге ылайык, машинелердин “тонировкаларын” тескөө Транспорт жана жол министирлигине жүктөлгөн. Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Ал мыйзам долбоорунда машиненин айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыппул салуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт.

Мурунку мыйзам боюнча жол коопсуздугун тейлеген инспекторлор административдик кодекстин 228-беренесинин негизинде терезени караңгылаткан автоунаанын чыптамасы сыйрып, айдоочусуна 2000 сом айып салчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG