Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 21-январда Брюсселдеги жыйында жактырган санкцияга ылайык, төрт орусиялыктын активдери тоңдурулуп, алардын биримдик аймагына киришине тыюу салынат.
Алар Британия орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын бул өлкөнүн аймагында ууландырууга тиешеси бар деп шек саналгандар.
Натыйжада Евробиримдиктин санкциясы Орусиянын аскердик чалгын кызматы - ГРУнун башчысы Игорь Костюковго, анын биринчи орун басары Владимир Алексеевге, ошондой эле Британия Скрипалдарды ууландырууга түздөн-түз катышы бар деп санаган эки агентке каршы киргизилди.
Ал эки агент Британияга Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымына жазылган паспорт менен барышкан.
Бирок "Bellingcat" иликтөө уюму аларды Александр Мишкин жана Анатолий Чепига деп аныктап, ГРУга байланышы бар экенин көргөзгөн далилдерди жарыялаган.
Алар Солсбери шаарында болгонун моюнга алышканы менен ГРУда иштей тургандыгын жана Скрипалдарды ууландырууга тиешеси болгонун четке кагышкан.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евробиримдик киргизген жаңы санкциялар анчалык маанилүү эмес экенин жана Британия Мишкин менен Чепиганын кол салууга тиешеси болгонун көргөзгөн далилдерди бербегенин белгиледи.
Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия былтыр март айында Британиянын Солсбери шаарында Советтер Союзунун убагында чыгарылган "Новичок" химиялык заты менен ууландырылганы аныкталган.
Скрипалдар ууландырылгандан кийин ооруканада жумалап жатып чыгышкан. Алар ууландырылган "Новичок" затына былтыр июнь айында башка эки британ жараны да кабылып, бири ооруканада көз жумган.
Скрипалдардын окуясынан кийин Британия химиялык курал боюнча эл аралык чектөөлөрдү күчөтүү багытында аракет көрүп, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укуктары кеңейтилишине жетишкен.
Британия жана анын өнөктөштөрү "ууландыруунун артында турган" деп Орусиянын бийлигин күнөөлөгөн, Москва дооматтарды четке каккан. Ууландыруу окуясына байланыштуу АКШ былтыр Орусияга каршы экономикалык санкцияларды киргизген. (UE)