Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

2019-жылы аймактарды ирилештирүү боюнча долбоор парламентке сунушталат


Ак-Тектир айылы, Токтогул району.
Ак-Тектир айылы, Токтогул району.

Долбоор быйылкы жарым жылдыкта парламентке сунуштала турганын “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, азырынча кайсы айыл кайда кошулары, ирилештирүү кандай болору боюнча так долбоор түзүлүп бүтө элек.

- Айылдарды ирилештирүү гана эмес, бийликтин вертикалын өзгөртүү тууралуу да сунуштар, долбоорлор даярдалат, - деди ал. - Ал боюнча азыр талдоо жүргүзүлүп жатат. Жөн эле "мунун кереги жок" деп жоюп салуу туура эмес. Мисалы, долбоордо облустарды жоюу сунушталышы мүмкүн же облустарды калтырып, райондорду жоюу сунушталышы мүмкүн.

​Мыйзам боюнча ал долбоор Жогорку Кеңештин, элдин талкуусуна коюлушу керек.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен административдик аймактык реформа боюнча жумушчу топ 2018-жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Аны Кубатбек Боронов жетектейт.

Кыргызстанда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Коомчулукта бул жыл максатына жетпегени сынга кабылып келет.

Президент Жээнбеков бул жылда башталган аракеттер анын бийликтеги мөөнөтү аяктаганга чейин уланарын журналисттерге басма сөз жыйынында билдирген.(КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG