Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Трамп Мексиканын чегиндеги кырдаал боюнча элге кайрылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп бейшемби күнү АКШ менен Мексиканын чек арасына барат.

Чек арага дубал куруу боюнча администрация менен Конгресстеги демократтардын ортосундагы талаштан улам бюджет маселеси бекибей жатат. Ушундан улам өкмөттүк-федералдык мекемелердин айрымдары жабылган.

Трамптын сапары тууралуу анын басма сөз катчысы Сандра Сандерс "Твиттерге" жазды. Анын айтымында, президент чек арада кызмат өтөп жаткандар менен жолугат. Сандерс чек арадагы абал качкындардын агымынан улам “гуманитардык кризиске” жана “улуттук коопсуздук кризисине” айланганын айтты.

Ушундай эле пикирин буга чейин Трамп да билдирген. Анын элге кайрылуусу бүгүн, шейшемби күнү кечинде болот.

Президент Трамптын мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча сунуштарынын бири - Мексика менен чек арада дубалдын курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоору азыр Сенаттын кароосунда жатат.

Президент бул долбоорго 5,7 млрд. доллар сураган. Өкүлдөр палатасы аны колдоп берген, бирок Сенаттагы демократтар каршы болууда.

Буга чейин басылмаларда АКШнын президенти Дональд Трамп өзгөчө кырдаал жарыялап, Конгресстин чечимине карабай дубалдын курулушуна акча бөлүп бере турганы жөнүндө маалымат тараган.

Мексика менен АКШнын ортосунда дубал куруу - Трамптын шайлоо өнөктүгүндө берген убадаларынын бири.

XS
SM
MD
LG