Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:25

Абдылда Капаров ууландырылганын айтып чыкты


Абдылда Капаров. 25-март, 2017-жыл.
Абдылда Капаров. 25-март, 2017-жыл.

Төрт жылга кесилген милициянын полковниги Абдылда Капаров Балыкчы шаарындагы №51 жатак абактан тамакка ууландырылганын айтып чыкты.

- Мени дарыгерлер сактап калды, ошолорго рахмат. Күтүүсүздөн ууланып, дарыканадан дары алып ичсем да көзүмө эч нерсе көрүнбөй калды. Дарыгерлер карагандан кийин бир аз жакшы болуп калдым. Бул жакта чай, суунун баары ачык, көзөмөлсүз калат. Мени азыр жатак абакта “бийликтин уруксаты жок чыкпайсың” деп кармап отурушат, - деди Капаров.

Бул боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) азырынча комментарий бере элек.

Абдылда Капаров 2017-жылы 25-мартта кармалган. Ага прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 297-329-338-беренелери менен иш козгогон. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да 299-беренеге ылайык кылмыш ишин ачкан.

Буга азыркы президент, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун арызы себеп болгон. Былтыр 27-июнда Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген.

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоо митингдерине катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. (BTo)

XS
SM
MD
LG