Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Кубанычбек Кулматов 31-декабрга чейин тергөө абагында болот


Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов
Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов 31-декабрга чейин тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун пресс катчысы Сюита Соурбаева "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун соттук коллегиясы айыпталуучу Кубанычбек Кулматовду тергөө аяктаганча абакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун токтомун жана шаардык соттун аныктамасын күчүндө калтырды.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча тергөө 17-декабрда аяктап, ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып коюлган.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган. Кийин айып 303-берененин 2-бөлүгү боюнча тагылып, өзгөртүлгөн. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (KR)

XS
SM
MD
LG