Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Европарламент “Түндүк агымга” каршы чыкты


Мурда курулган "Түндүк агым-1" жана жаңы төшөлүүчү "Түндүк агым-2" газ куурларынын багыты.
Мурда курулган "Түндүк агым-1" жана жаңы төшөлүүчү "Түндүк агым-2" газ куурларынын багыты.

Европа парламенти орус газын Германияга Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келүүчү жаңы долбоорду Евробиримдиктин коопсуздугу үчүн “коркунуч” деп атады.

Европарламенттин резолюциясында жаңы куурдун курулушун токтотуу чакырыгы да айтылды.

“Түндүк агым -2” долбооруна Евробиримдиктин өзүнөн бир нече өлкө, ага катар АКШ да караманча каршы. Бирок бери дегенде Германиянын канцлери Ангела Меркелдин өкмөтү долбоорду колдоодон баш тарта элек.

Европа парламентинде “Түндүк агым- 2” газ куурунун курулушун айыптаган резолюция 12-декабрда кабыл алынды.

“Бул - саясий долбоор жана ал Европанын энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратат”, - деп айтылды резолюция текстинде.

Бирок долбоорду ишке ашыруу “токтотулушу” керек деп эсептеген Европарламент резолюциясынын азырынча мыйзамдык күчү жок, саясий гана мааниге ээ.

Европа парламентиндеги добуш берүү. Страсбург, 11-декабрь, 2018-жыл.
Европа парламентиндеги добуш берүү. Страсбург, 11-декабрь, 2018-жыл.

Анткен менен Евробиримдиктин аткаруучу органы, өз тарабынан “Түндүк агым-2” долбоорун сындап келе жаткан Еврокомиссиянын газ боюнча саясатты жана анын эрежелерин өзгөртүү боюнча сунуштары алдыга жыла турган болсо, Европарламенттин да мыйзам кабыл алуусу талап кылынат.

Ал мыйзамдын долбоору Европа парламенти менен биримдикке мүчө 28 өлкөнүн өкмөттөрүнүн башын бириктирген Европа кеңеши ортосунда макулдашылышы керек.

Ошол эле учурда бери дегенде Евробиримдиктин эң ири экономикасы Германиянын өкмөтү бул талаштуу газ долбооруна саясий колдоо көргөзүүдөн баш тарта элек:

Хейко Маас
Хейко Маас

- “Түндүк агым-2” долбоорунан немис компанияларынын кетиши, газ куурлары төшөлбөй калат дегенди билдирбейт. Балким ал Орусия тарабынан жалгыз курулат. Ал эми биздин жогото турганыбыз - көгүлтүр оттун альтернативдүү транзити, башкача айтканда учурда бар инфраструктуранын жаңылануусу. Андыктан, биз газ кууру долбооруна саясий жактан катышууга кызыкдарбыз. Ал Украина аркылуу газ транзитинин альтернативасы катары кандай болгон күндө да курулат, - деди немис тышкы иштер министри Хейко Маас.

“Түндүк агым - 2” долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келет.

Ал - Орусия Германияга түз жеткире ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

Жаңы куурдун наркы 11 миллиард долларга бааланган. Төшөлүп бүтүп, толук кубаттуулукта иштей баштаганда жылына 55 миллиард куб метр көгүлтүр отту өткөрө алат.

Евробиримдиктин өз ичинен долбоорго кеминде Балтика өлкөлөрү менен Польша каршы чыгып келет.

Анджей Дуда
Анджей Дуда

- Энергетикалык коопсуздукка келгенде биз “Түндүк агым-2” сыяктуу долбоорлорго инвестиция салууга жол жок деп ойлойбуз. Биз бул долбоор Европанын энергия секторундагы азыркы жана келечек мамилелерди бузат деп эсептейбиз. Анткени, Евробиримдикке газ берүүдө бир камсыздоочунун үстөмдүгү орнойт. Бул баарынан мурда борбордук Европанын бир нече өлкөсүн энергетикалык коопсуздук жагынан татаал кырдаалга кептейт. Андыктан айтып коюшум керек, бул долбоорго келгенде биз буга чейинкидей терс көз карашта кала беребиз, - деди поляк президенти Анджей Дуда.

Орусиядан 1944-жылдан бери газ алган, учурда “Газпром” менен соттошуп да жаткан Польшанын азыркы бийлиги 2022-жылдан тарта Москва менен газ келишимин узартпоо аргасын издеп жатат.

“Түндүк агым-2” долбооруна Кошмо Штаттар да каршы. Бул аптада АКШда да Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы атайы резолюция кабыл алып, долбоорду айыптады.

Ага катар Конгресс президент Дональд Трамптын администрациясын Европанын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаланууга чакырды.

Трамп быйыл июлда Брюсселдеги сапарында “Түндүк агым-2” долбоорун кескин сынга алып, “Германия орус газынын барымтасында” калганын, жаңы газ куурунун курулушу анын көз карандылыгын ого бетер күчөтөрүн белгилеген.

"Түндүк агым-2" долбоору үчүн Германияда даярдалган болот куурлар. 2017-жылкы сүрөт.
"Түндүк агым-2" долбоору үчүн Германияда даярдалган болот куурлар. 2017-жылкы сүрөт.

Евробиримдик учурда көгүлтүр отко болгон муктаждыгынын 40% ашуунун Орусиянын эсебинен жаап жатат.

Былтыр Евробиримдикте керектелген 409 миллиард куб метр газдын 165 миллиардын Орусия берген.

Москва эми бул көлөмдү дагы көбөйтүүчү “Түндүк агым-2” долбооруна каршы АКШ Конгресси менен Европарламенттен айтылган соңку чакырыктарды Вашингтондун “адилетсиз атаандаштыгы” анын “басымы менен жасалган” иш катары баалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG