АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОнун Европадагы мүчөлөрүнүн эң ирилерин 11-июлда Брюсселдеги саммиттин расмий эмес башталышында да сындап өттү.
"Биз Германияны, Францияны коргоп жатабыз", - деген Трамп Германия, маселен, Орусия менен газ куурлары боюнча “миллиарддаган доллардык” келишимдерди түзүп, ошол эле учурда АКШ аны Орусиядан коргоп беришин күтүп жатканын белгиледи:
-Германия толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө. Себеби энергиянын 60-70% бөлүгүн Орусиядан алып жатат, дагы жаңы газ куурун салганы жатышат. Менимче бул НАТО үчүн жакшы эмес, мындай болбошу керек. Биз муну Германия менен сүйлөшүшүбүз зарыл. Мен билгенден Германия Орусиянын капканында турат. Биз аны коргошубуз керек, бирок ал энергияны Орусиядан алып жатат, - деди Трамп саммит алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугуп жатып.
Ал “жаңы газ кууру” дегенде “Түндүк Агым - 2” долбоорун эске алды. Бул долбоор Украина менен Польшаны айланып өтүп, Орусиянын газын Балтика деңизиндеги Германиянын түндүк-чыгыш жээгине алып келет жана Москва Берлинге түз сата ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн эки эсе көбөйтөт.
Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү жана Вашингтон бул долбоор Москванын Батыш Европага таасирин күчөтөт деп эсептегендиктен ага каршы чыгып жатышат.
Орусиядан Германияга газ куурун салуу - НАТОнун мүчөлөрү арасында пикир- келишпестик жараткан маселе экенин Трамп менен жолугушууда баш катчы Йенс Столтенберг да моюнга алды. Кийин ал бул НАТО чече турган маселе эместигине көңүл бурду.
Азыркы саммит альянстын бир топ жыл ичиндеги эң татаал жыйыны катары мүнөздөлүүдө.
Өз кезегинде немис канцлери Ангела Меркел АКШ президентинин газ кууру боюнча сынын дароо эле четке какты. Трамп менен көзмө-көз жолуккандан кийин Меркел Германия "өзүнүн жеке чечимдерин" кабыл алууга жөндөмдүү экенине токтолду.
Трамптын талабы, НАТОнун милдеттенмеси
Трамп Брюсселге келе жатып АКШ өнөктөштөрүн коргош үчүн өз салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен өтө көп каражат коротуп жатканын адилетсиз деп баалаган. Ал НАТОнун 70% чыгымы Вашингтондун мойнунда турганын, ошентсе да Евробиримдик менен былтыркы соодада Кошмо Штаттар 151 милллиард доллар утулууга учураганын да эске салган болчу.
Трамптын бул сөздөрүнө чейин Брюсселде Евробиримдик менен НАТО кызматташтык боюнча жаңы декларацияга кол коюшуп, андан кийин Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск Вашингтонго Европадан артык өнөктөштү таба албай турганын эскерткен:
- Урматтуу Америка, өз өнөктөштөрүңөрдү баалагыла. Алар силерде анча деле көп эмес. Урматтуу Европа, коргонууңарга көбүрөөк акча сарптагыла. Себеби жакшы даярдалган жана жабдылган өнөктөштү баары урматташат.
НАТОнун Европадагы мүчөлөрүнөн өз милдеттенмелери менен убадаларын аткарып, коргонуу үчүн жетиштүү каражат бөлүшүн Трамп президенттикке шайлангандан бери эле талап кылып жүрөт.
Өзү Түндүк Атлантикалык Альянстын алкагында 2024-жылга карата коргонуу чыгымдарынын көлөмүн ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүү жагы мурда эле макулдашылган.
- 2014-жылы биз чечим кабыл алганда өнөктөштөрдүн үчөө гана ички дүң өнүмдүн 2% коргонууга сарптачу. Быйыл болсо биз муну сегиз өлкө аткарат деп күтүп жатабыз. Алар - АКШ, Эстония, Греция, Британия, Латвия, Литва, Польша жана Румыния. Ал эми коргонуу үчүн жалпы чыгым эки пайыздык чекке канча мамлекет жетерине көз каранды болот. Өнөктөштөр муну реалдуу өлчөмдө көбөйтүп жатышат. Бир нече жыл бою коргонууга каражатты азайткан Германия да аны кийин кайра көбөйттү, - деди баш катчы Йенс Столтенберг 10-июлдагы басма сөз жыйынында.
НАТОнун баш кеңсесинин маалыматына ылйык, быйыл анын жалпы коргонуу чыгымдары мурдагыдан 3,8% көбөйүшү күтүлүүдө. Ал эми 2024-жылга карата коргонуу үчүн ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүн ажыратууга 15 мамлекет жетише алат.
Трамп менен Столтенбергдин 11-июлдагы жолугушуусунда айтылгандай, 2024-жылга карата НАТОнун Европадагы мүчөлөрү менен Канада коргонуу үчүн азыркыдан 266 миллиард доллар ашыкча каражат бөлө алат.
Учурда 29 өлкө мүчө болгон НАТОнун уставынын бешинчи беренесине ылайык, анын бир мүчөсүнө кол салуу калгандарынын баарына кол салуу катары кабыл алынат.
Президент Трамптын билдирүүлөрүнөн улам Орусиянын Украинадагы аракеттеринен өзгөчө кооптонгон НАТОнун чыгыштагы бир катар мүчөлөрү "АКШнын азыркы президенти буга көңүл бурбай коебу?" деп кабатыр боло башташкан.
Бирок Кошмо Штаттардын НАТОдогу элчиси Кей Бейли Хатчисон азыркы саммиттин алдында да мындай тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.
Ал эми АКШнын Сенаты Трамптын Брюсселге барышына тушташ Вашинтондун НАТО уставынын бешинчи беренесин колдой тургандыгын атайын резолюция менен ырастады. Конгрессте бийликтеги республикачылар, оппозициядагы демократтардан да НАТОго азыр да мурдагыдай эле күчтүү колдоо бар.
Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда эки тарап тең аскердик турумдарын чыңдаган. Ошондой эле алар бул аймактарда бир нече ирет аскердик машыгууларды уюштурушту. “Чыгыш флангда” НАТОнун быйыл октябрь, ноябрь айларында да ири машыгуулары өткөнү турат.