Расмий Варшава мындай чараны Орусия газына көз карандылыкты азайтуу же андан такыр эле баш тартуу максатында көрүүдө. Буга эмне себеп?
Польшанын мамлекеттик “PGNiG” компаниясы менен америкалык “Cheniere Marketing International" компаниясынын келишим түзүү салтанаты 8-ноябрда поляк президенти Анждей Дуда жана АКШнын энергетика министри Рик Перринин катышуусунда өттү.
- Бул – бүткүл Европага силердин энергетикалык келечегиңер кантип өнүгүп, коопсуздугуңар кантип бекемделе алары үчүн белги. Бүгүн Европа үчүн эң маанилүү күн, - деди АКШ министри Рик Перри эки тараптуу келишимдин маңызын чечмелеп.
Өткөн айда Польшанын “PGNiG” компаниясы америкалык “Venture Global LNG” компаниясы менен 20 жыл ичинде жылына эки миллион тоннадан газ алуусун караган келишимге кол койгон.
Жаңы келишимге ылайык эми америкалык компания 2019-2022-жылдардын аралыгында Польшаны 0,52 миллион тонна же 0,73 миллиард кубметр суюлтулган жаратылыш газы менен камсыздайт. Ал эми 2023-2042-жылдардын аралыгында 29 миллион тонна же 39 миллиард кубметр көгүлтүр от берет. Бул жылына 1,95 миллиард кубметр газ дегенди билдирет. АКШнын суюлтулган көгүлтүр оту Европага танкер менен ташылып, Польша аны Балтика деңизиндеги терминал аркылуу алат.
Польшанын мамлекеттик “PGNiG” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Петр Возняктын айтымында, америкалык газдын баасы орус газынан арзан чыгууда:
- Жаңы контракт баа жагынан караганда, биздин чыгыштагы камсыздоочубуздукуна салыштырмалуу 20-30% жакшы болгону турат.
Орусиядан газды 1944-жылдан бери сатып алып жүргөн Польша азыр жылына 17 миллиард кубметр көгүлтүр от керектейт. Мунун жарымынан көбүн Орусиянын “Газпром” компаниясынан узак мөөнөттүү келишимдин негизинде алат. Бирок орус тарап менен контракттын мөөнөтү 2022-жылы бүтөт. Анын үстүнө поляк тарап “Газпром” менен азыр Стокгольмдогу арбитражда баа боюнча да соттошууда.
“Bloomberg” агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, Польша учурда газга болгон муктаждыгынын 63% Орусиянын, 26% өз өндүрүшүнүн, 11% суюлтулган газды ташып келүүнүн эсебинен жабууда.
Азыр өкмөттү башкарган “Мыйзам жана адилеттик” партиясы 2015-жылы бийликти кайра алгандан бери Орусиянын “Газпрому” менен 2022-жылы келишим бүткөндө аны узартууну көздөбөй турганын билдирип келген.
Бул максатта өлкөнү газга бай Норвегия менен Балтика деңизи жана Дания аркылуу туташтыруучу “Baltic Pipe” газ куурун төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат. Анын курулушу 2022-жылдын октябрь айына барып аякташы пландалган.
“Bloomberg” агенттигинин эсебинде, Орусия менен газ келишими узартылбаган шартта Польша көгүлтүр отко болгон муктаждыгынын 43% Норвегия, 20% өз өндүрүшү, калган 37% суюлтулган газды танкер менен ташуу аркылуу жабууну көздөөдө.
Польша орус газын Европага жеткирүүчү жаңы куур – “Түндүк агым-2” долбооруна каршы чыгып келет.
- “Түндүк агым-2” газ куурунун курулушу азыркы учурда эбегейсиз коркунуч туудурарында эч шек жок. Так айтып коюшубуз керек, курулуш азыр Германия тараптан, Орусия тараптан да башталып калды. Түтүктү Балтика деңизинин түбүндө жайгаштыруу менен байланышкан формалдуулуктар гана калды. Кандай болгон күндө да бул инвестициялык долбоор Европанын, Польшанын энергетикалык стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратары да шексиз. Анткени ал Орусиянын үстөмдүгүн таңуулап жатат. Анын үстүнө Орусия азыр кошумча “Түндүк агым-3”, “Түндүк агым-4” куурларын куруу тууралуу да айтууда. Газ менен камсыздоого келгенде Орусия Европадагы толук үстөмдүгү коркунучтуу экени айныксыз, - деген эле поляк президенти Анджей Дуда быйыл сентябрда Вашингтонго барганда.
АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл июлда Брюсселдеги сапарында “Түндүк агым-2” долбоорун кескин сынга алып, “Германия орус газынын барымтасында” калганын, жаңы газ куурунун курулушу анын көз карандылыгын ого бетер күчөтөрүн белгилеген.
“Түндүк агым - 2” долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келет.
Ал - Москва Берлинге түз сата ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.
Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү жана АКШ "бул долбоор Москванын Батыш Европага таасирин арттырат" деп эсептешкендиктен анын ишке ашырылышына каршы чыгышууда.
Германия өнөктөш өлкөлөрдүн мындай тынчсызданууларын четке кагып жүрөт. Орусия “Түндүк агым-2” долбоорунун “коркунучу саясатташтырылган” деп санайт.