Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "ишкерден опузалап акча доолады" деген шек менен бир нече киши кармалганын кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы сентябрь айында 25-35 жаштагы жети киши ишкерди машинеге салып, Ала-Арча капчыгайына алып барып, уруп-сабаган. Ошондой эле ишкердин жакындарынан бир нече саат ичинде 160 миң долларды алып келүүнү талап кылышкан.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо"), 125-беренеси ("Жарандын эркиндигин чектөө"), 170-беренеси ("Опузалоо") менен иш козголду. Кармалган шектүүлөрдүн ичинен милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган жарандын иши өзүнчө бөлүнүп тергелет. Ага буга чейин издөө жарыяланган болчу. (TSh)