Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

ЖК комитети прокуратурага Текебаевдин ишин кайра кароону сунуш кылат


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кат жиберет.

Комитеттин 11-декабрдагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынганын "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынын өкүлү Калысбек Боронбаев билдирди.

Жыйында "Ата Мекен" фракциясынын Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кайрылуусу жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын баяндамасы угулган.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ноябрь айында Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин камалышы Текебаевдин ишин кайра кароого негиз болорун айтып чыккан.

Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып, 16-ноябрда Москвада камакка алынган.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылы кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG