Бишкектин мурдагы мэри, саясий ишмер Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусу тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Анын айтымында, учактагы жолугушуу экөөнө тең күтүүсүз болду.
- Мен ал киши менен элдешкен жокмун. Мен сүрөткө түшүп койгонум - "президентиңер тирүү, өткөрүп бердим, алгыла" деп эле койдум. Башка оюм да жок, - деди ал.
Журналисттин: “Ким биринчи кадам жасап, ким кимге биринчи барды?” деген суроосуна Түлеев:
- Анын айырмасы эмне? Мен буга чейин "ал биринчи келди" деп айтканмын. Катуу-катуу сөздөрдү айтып алдым. "Качандыр бир жолугуп, бир шилеп алсам болот эле эркекче" деп түрмөдө отурганда да эстеп койчу элем. Адам болгондон кийин басылат экенсиң да, - деп жооп берди.
22-октябрда Атамбаевдин Орусияга кетип баратканын аны менен бир учакка түшкөн Бишкектин мурдагы Нариман Түлеев социалдык тармактарга жарыялап, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрдү да жайгаштырган. (КЕ/ЕВМ)