19-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Бирок жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 7…12;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11;
Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...2, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9,
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана таңга жуук туман түшүшү ыктымал. Абанын табы түнкүсүн -10…-12°, күндүз 7…9 градус жылуу болот.