Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Айыл чарба министрлигинде 4500 кызматкер иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде ушу тапта 4500 кызматкер иштейт. Министр Нурбек Мурашев "Азаттыкка" билдиргендей, буга чейин мекемеде иштегендердин саны 5 миңден ашык болчу. Быйыл өкмөттүн чечими менен 516 кызматкер кыскартылган.

Жыл башында ошол кездеги өкмөт Айыл чарба министрлигин реформалоо башталганын маалымдаган.

Ага чейин деле мекемени реформалоо же такыр жоюп салуу тууралуу сунуштар айтылып келген.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпы 27 миңдей мамлекеттик кызматкер бар. Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматы айрым министрликтердеги бири-бирин кайталган, артык баш деп саналган кызмат орундары жоюларын жарыялаган. Бирок өкмөттүн аппаратында, министрликтерде өзгөрүү болгон эмес.

Учурда он эки министрлик, төрт комитет, алты агенттик, он бир кызмат, төрт фонд жана эки инспекция иштейт.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бир жылдык чыгымы 1,7 млрд. сом болсо, анын теңи маянага кетет.

500дөн ашуун кызматкер кыскартылып жатканда айыл чарба министри Нурбек Мурашев иштен кеткендердин көбү Суу чарба департаментинин кызматкерлери экенин, министрликтин штатынын саны ар бир каналдын жооптуу кишилерин кошкондо көбөйүп кетээрин айткан. (NT/BTo)

XS
SM
MD
LG