Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин ишин колго алыш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында “Үрөн жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатканда айтты:
- Жерлерди ижарага берип коюп эле өздөрүнүн жанын багып жатышат. Элге, дыйкандарга эч кандай жаңылык ачкан жок. Ар ким өзү билип сырттан көчөт алып келип жатат. Сиздердин департамент кыймылдаган жок, ага болсо бюджеттен акча кетип жатат. Ошондуктан Үрөн департаментин колго алып же ары, же бери кылыш керек.
Бүгүн парламенттин талкуусуна коюлган мыйзам долбоору техникалык мүнөзгө ээ. Айрым депутаттар Кыргызстанда үрөн чарбасы жөнгө салынбаганын айтып сынган алууда.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине карайт. (RK)