Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында жанкечтинин жардыруусунан 30дан ашуун киши курман болуп, 130дан көп адам жаракат алды. Бул тууралуу провинциянын губернаторунун басма сөз кызматы "Азаттыктын" ооган кызматына билдирди.
Айрым маалымат каражаттары шейшембидеги кандуу чабуулда өлгөндөрдүн саны 30га жеткенин кабарласа, жергиликтүү кеңештин депутаты Сухраб Кадери кеминде 45 киши каза таап, бир нече адам ооруканага түшкөнүн маалымдады.
"Толо" жаңылыктар агенттиги Нангархардын саламаттыкты сактоо башкармалыгына шилтеме берип, набыт болгондордун саны 30га жеткенин интернет сайтына жазды.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, полиция башчысына каршы нааразылыкка жүздөгөн киши чогулган маалда жанкечти өзүн жардырган.
Президент Ашраф Гани өз билдирүүсүндө мектепке жакын жерде бейкүнөө адамдарга жасалган чабуулду кескин айыптап, “жарандар барган жайларга, мечиттерге, аялдарга, балдарга кол салуу адамзатка каршы кылмыш" экени айтылат.
Соңку айларда Желалабад шаарында бир нече жолу жанкечтилердин жардыруулары катталып, ондогон адам набыт болду.
Бул аймакта “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери активдүү.
2014-жылы НАТО күчтөрү чыгып кеткенден бери оокат өкмөтү куралдуу топтордун чабуулдарына туруштук бере албай убайым тартып келет.