Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

Кош жарандыгы бар талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерде башка өлкөнүн да жарандыгы бар болгон учурда аларды жоопко тартуу сунушталууда.

Бул сунушту Кылмыш-жаза кодексине киргизүү боюнча мыйзам долбоор бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде талкууланды.

Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев иштеп чыккан. Анда чет элдик жарандыгын жашыргандарды эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушу камтылган.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да депутат болуу үчүн тапшырган документтеринде жалган же жасалма маалыматтар аныкталган талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунушун көтөргөн.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

Андан башка да айрым депутаттардын кош жарандыгы бардыгы тууралуу пикирлер айтылып жүрөт.

Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG