Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

ДКО-2018: Эр эңиштен бардык алтын байгелерди кыргыз балбандары алды (видео)


90 килограммдан жогорку салмактагы балбандардын ат үстүндөгү таймашы. 7-сентябрь, 2018-ж. Бактуу-Долоноту айылы.
90 килограммдан жогорку салмактагы балбандардын ат үстүндөгү таймашы. 7-сентябрь, 2018-ж. Бактуу-Долоноту айылы.

Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасынын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын байгелерге ээ болду. Финалдык таймаш бүгүн, 7-сентябрда өтүп, байгелер беш салмакта ойнотулду.

Мелдештин башкы катчысы Нуржан Сүймөналиевдин билдиргенине караганда таймашка 12 өлкөдөн 40 спортчу катышты. Жыйынтыгында беш салмакта тең финалда Кыргызстан менен Казакстандын балбандары күч сынашты.

Алтын байгелерди Жекшенбек Турдубеков (60 кг.), Калыбек Бузурманкул уулу (70 кг.), Ислам Бердибек уулу (80 кг.), Конокбай Баркыжоков (90 кг.) жана Күмүшбек Кыдыралиев (+90 кг.) алды. Коло байгелерге Монголия, Өзбекстандын спортчулары ээ болду.

Алтын медал үчүн таймашта Жекшенбек Турдубеков Азамат Сергазинди, Калыбек Бузурманкул уулу Эрназар Байгоновду, Ислам Бердибек уулу Сырым Избасаровду, Күмүшбек Кыдыралиев Биржан Косалиевди жеңди.

ДКО: Эр эңиш (Финал). 7-сентябрь, 2018-ж.

Эр эңиштин балбандарынын беш алтын байгесин кошкондо III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын эсебине 35 алтын чогулду.

6-сентябрда аяктаган бешинчи мелдеш күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын эсебинде 30 алтын, 25 күмүш, 23 коло байге бар эле.

Медал алган өлкөлөрдүн катарында 2-орунда Орусия 16 алтын байге менен жайгашты. 3-катардагы Казакстанда 11 алтын медал бар.

Алдыңкы ондукта Түркмөнстан, Венгрия, Иран, Өзбекстан, Украина, Монголия, Түркия келе жатат. 2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрүнөн күч сынашат. (SDz/ECh).

XS
SM
MD
LG