Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Швецияда Каримовага пара берген компаниянын мурдагы жетекчилери соттолууда


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Швеция соту телекоммуникация тармагындагы ири компаниянын мурдагы үч жетекчисинин коррупциялык ишин карап жатат.

Бул иште Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын да ысымы аталууда. Telia компаниясынын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг жана дагы эки киши Каримовага өзбек рыногуна чыгуу жана жергиликтүү бийликтен “коргоо” үчүн 350 миллион доллар пара беришкен деп күнөөлөнүп жатышат.

Өзбекстанда компания Ucell деген бренд алдында иш алып барчу. Соттолуучуларга айып былтыр сентябрда тагылган. Анын алдында компания бир нече жылга созулган иликтөөнү жөнгө салуу үчүн бир миллиард долларга жакын айып пул төлөөгө макул болгон.

Шейшембиде сот адвокаттар менен прокурорлор акыркы аргументтерин 11-14-декабрда тапшырышы керек деп чечти. Өкүм эмки жылдын январь-февраль айларында чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG