Ирандын президенти Хасан Роухани 28-августта парламентке чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Парламент Роухани 2013-жылы президент болуп шайлангандан бери аны чакырып, отчет алуу боюнча конституциялык укугунан биринчи жолу пайдаланды. Президент парламенттеги сөзүндө Иран АКШнын санкцияларын жеңип чыгаарын билдирди.
- Биз Америкадан же экономикалык кыйынчылыктардан коркпойбуз. Биз бул мүшкүлдөрдү жеңип өтөбүз. Мен Иран элин Ислам жумуриятына каршы кутум ишке ашпай турганына ишендирем, - деди Роухани.
Мыйзам чыгаруучулар мамлекеттин башчысынан АКШнын экономикалык санкциялары калыбына келгенден бери эки эсе арзандап кеткен улуттук акча – риалдын наркын көтөрүү тууралуу суроолорду узатышты. Ошондой эле алар президенттин өндүрүшкө зыянын тийгизип жаткан аткезчиликти токтотуу, риалдын кунунун кетиши, экономиканын начарлашы, жумушсуздуктун күчөшү, банк саясаты боюнча жасап жаткан иштерине кызыгышты.
Президенттин жообунан кийин парламент өкмөттүн санкцияларга кабылып жаткан банктар тууралуу жообуна гана ынанып, "анткени ал өкмөттөн көз каранды эмес" деп тапты. Ал эми президенттин жана анын министрлеринин калган иштерине ичи чыкпай жатканын белгиледи. Ирандын мыйзамдарына ылайык, парламент канааттанбаган иштер териштирүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Вашингтон Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кетип, жакында мурда токтотулган санкцияларды кайра киргизгенден бери Иранда экономикалык каатчылык күчөдү. Риалдын наркы 2015-жылдан бери биринчи жолу кескин төмөндөп кетти. Ирандын бир катар шаарларында кымбатчылыктан улам нааразылык акциялары өткөнү кабарланды. Парламент 28-августта экономика жана финансы министри Масуд Карбасианды кызматтан алса, айдын башында депутаттар эмгек министрин кызматтан кетиришкен. Ага чейин президент Хасан Роухани Улуттук банктын башчысын алмаштырган болчу.
АКШ Тегеранга карата санкциялардын экинчи бөлүгүн 4-ноябрда киргизгени жатат, ал Ирандын мунай компанияларын бутага алат.