Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Азиада-2018: Жолдошбек Акимканов 3-орунду ээледи  


Жолдошбек Акимканов.
Жолдошбек Акимканов.

Кыргызстандык спортчу Жолдошбек Акимканов ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында спорттун пенчак силат (жоокердик өнөрдүн бир түрү) түрүнөн коло медаль тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Акимканов 65 кг. салмактан 70 кг. салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. 26-августта жарым финалда малайзиялык Амари Мохд Аль Жуффериге жеңилип, 3-орунду ээледи. Жарым финалга чейин Акимканов чейрек финалда пакистандык Фаруук Умерди жеңип алган.

Спорттун ушул эле түрүнөн бүгүн, 26-августта Данияр Токуров дагы коло байге алды. 70 кг.- 75 кг. салмакта күч сынашкан Токуров эки беттеш өткөрдү. Алгач чейрек финалда пакистандык Раза Рана Алини жеңди. Жарым финалда вьетнамдык Тран Динх Намга жеңилип, 3-орунду ээледи.

Муну менен Кыргызстандын эсебине 16 медал чогулду. Бүгүн пенчак салат спортчуларынан сырткары жиу-житсу спортунан кыргыз спортчулары бир күмүш, эки коло байге алышты. Күмүш медалды Нурсултан Алымкулов тагынса, коло байгелерге бир тууган Муртазали жана Абдурахманхажи Муртазалиевдер ээ болушту (85 кг.)
16 байге менен (эки алтын, беш күмүш, тогуз коло) Кыргызстан медаль алган өлкөлөрдүн катарында 17-орунда бара жатат.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. (ECh).

XS
SM
MD
LG