Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди


Ташкенттин аба майданынан Эмомали Рахмонду президент Шавхат Мирзиёев өзү тосуп алды.
Ташкенттин аба майданынан Эмомали Рахмонду президент Шавхат Мирзиёев өзү тосуп алды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-августта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келди. Ташкенттин аба майданынан аны президент Шавхат Мирзиёев өзү тосуп алды.

Эки президенттин тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары өзбек президентинин "Көксарай" резиденциясында өтүп жатат. Тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана аймактык кызматташтыгын талкуулай турганы айтылган.

Бул Эмомали Рахмондун Ташкентке жооп иретиндеги сапары катары каралууда. Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен Тажикстанга быйыл 9-мартта барып кеткен. Анда 27 документке, анын ичинде эки өлкө жарандарынын 30 күнгө чейин визасыз кирип-чыгышына уруксат берген келишимге кол коюлган. Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары муну эки мамлекеттин кызматташтыгынын кайра жандануусу катары баалашкан.

Тажик президенти мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга акыркы жолу 20 жыл мурда, 1998-жылы келген.

Ислам Каримовдун тушунда Тажикстан менен Өзбекстандын алакасы сууп кеткен.

XS
SM
MD
LG