Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28

Ала качуу боюнча иш сотко өттү


Азиза Абдирасулова жана ала качууга кабылган кыздын эжеси.
Азиза Абдирасулова жана ала качууга кабылган кыздын эжеси.

Медициналык коллеждин 18 жаштагы студентин Жумгалга ала качып барып, кыздын макулдугу жок жыныстык катнашка мажбурлаган окуя боюнча иш тергелип, сотко өттү.

Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди.

10-июнда Ак-Ордо конушунда болгон окуя боюнча “Ала качуу” жана “Зордуктоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуяга байланыштуу 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, ага кызды чакырып берген эжеси үй камагына чыгарылган.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине чыгарды. Бишкекте жана аймактарда кыздардын укугу боюнча ар кыл акциялар өтүп жатат. Укук коргоочулар ушул окуядан кийин деле кыздар ала качууга дуушар болуп, мыйзамдын иштебей жатканын сындап келатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG