7-августта полиция Беларустагы эки эркин медианын кеңсесине тинтүү жүргүзгөндөн кийин беш журналист аял кармалды.
Полициянын маалыматына караганда, "Tut.by" жана "БелаПАН" агенттиктеринин журналисттери мамлекеттик "БелТА" жаңылыктар кызматынын маалыматын мыйзамсыз жол менен алган.
Эки агенттиктин кабарчылары "Азаттык” радиосуна шаршембиде билдиргендей, Марина Золотова, Анна Калтыгина, Галина Уласик жана Анна Ермачёнок, ошондой эле "БелаПАНдын" кабарчысы Татьяна Коровенкова камакка алынды.
Минскидеги башкы тергөө абагынын нөөмөттөгү офицери "Азаттык" радиосуна берген комментарийинде "Tut.by" агенттигинин башкы редактору Марина Золотова камакта экенин бышыктап, калган журналисттер тууралуу эч нерсе айткан жок.
Журналисттердин адвокаттары 7-августта кармалгандарга жолуга алышкан эмес.
Европадагы Адам укуктары боюнча кеңеш шейшембиде эркин агенттиктердин кеңселерин тинтүүгө жана камоого байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бул президент Александр Лукашенконун бийлигинин "маалымат каражаттарын басуу аракетин көрсөтөт" деп сындады.
"Чек арасыз кабарчылар” уюму 7-августтагы билдирүүсүндө беларус бийлигин “сын айткан журналисттерди кысымга алууну токтотууга” үндөдү.