Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Бишкекте мэр шайлоонун шартына каршы акция болот


Бишкек. Мэр шайлоонун шартына каршы чыккан активисттер. 6-август, 2018-жыл.
Бишкек. Мэр шайлоонун шартына каршы чыккан активисттер. 6-август, 2018-жыл.

Бүгүн, 8-августтагы Бишкек шаарынын мэрин шайлоону утурлай жарандык активисттер митинг өткөргөнү жатышат. Уюштуруучулардын бири, "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү Айбек Мырза уулу "Азаттыкка" билдиргендей, шаардык кеңеш менен мэриянын имаратынын алдындагы акцияда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин түз шайлоо талабы коюлат. Ошондой эле катышуучулар Бишкек шаардык кеңешин таркатууну талап кылышат:

- Акцияга жарандык активисттерди, айрым саясатчыларды чакырдык. Шаардын жашоочулары да келип көйгөйлөрүн айтышат.

Мындай акция 6-августта да өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 6-августта шайлоону жокко чыгаруу тууралуу "Биздин укук" коомдук фондунун өтүнүчүн четке каккан.

Аталган уюм "мэр аттандаштыктын негизинде шайланышы керек" деген негизде шайлоону жокко чыгарууну өтүнүп, өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылган.

Мэрликке шаардык кеңештеги КСДП фракциясы башында турган көпчүлүк коалиция көрсөткөн талапкер Азиз Суракматов гана арыз берген.

Баш калаанын мэрин атаандашсыз шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия "Азиз Суракматов кыргыз тилин билет” деп бир добуштан чечим чыгарганына карабай, анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды. Суракматов тил сынагында программасы тууралуу айтып жатып, мэриядагы коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүүгө убада берген. (NT)

XS
SM
MD
LG