Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:22

БШК мэр шайлоону токтотуу тууралуу өтүнүчтү четке какты


Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү.
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгаруу тууралуу "Биздин укук" коомдук фондунун өтүнүчүн четке какты. 6-августтагы жыйында ушундай чечим кабыл алынганын БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди.

“Биздин укук” коомдук фонду Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгарууну өтүнүп өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылган. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиева муну "мэр аттандаштыктын негизинде шайланышы керек" деп түшүндүргөн.

БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов кайрылуудагы талаптар негизсиз деп табылганын айтты:

- Мыйзамдагы эрежелерге ылайык, талапкер жалгыз болсо да шайлоо өткөрүлөт. Ошондуктан БШК кайрылууну четке какты.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматовдун арызы кабыл алынган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

Шаардык кеңеште мэр шайлоо 8-августта өтөт.

6-августта Бишкекте бир катар жарандык активисттер мэр шайлоо эрежелерине нааразылык билдирип, пикетке чыгышты. (SE)

XS
SM
MD
LG