Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында жекшембиге караган түнү 61 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнү айтылат. Ростовдо отуз жети, Брянскиде жыйырма жана Белгород менен Орлов облустарында бирден дрон жок кылынган.
Аталган облустардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эч ким жаракат алган жок. Айрым турак үйлөр, имараттар, автоунаа талкаланды. Бир катар украиналык булактар Таганрог жана Миллерово шаарларына дрон чабуулу жасалганын жазышты.
Эртең менен Казан аэропортунда учуп-конуу убактылуу токтотулду. Жарандык авиация мекемеси “учак коопсуздугу үчүн” деп билдирди. Ушундай эле чектөөлөр Нижнекамск, Ижевск и Перм аэропортторунда болгон. Соңку мезгилде Орусияда дрон чабуулунан аэропорттор убактылуу токтотулган учурлар көп катталууда.
Өткөн жылдын жаз айларынан бери Орусиянын чек ара аймактары дээрлик күн сайын дрон чабуулдарына кабылып жатат. Москва бул боюнча Украинаны айыптап келет. Расмий Киев дрон чабуулдары жөнүндө комментарий бербейт.
Шерине