Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Кайтаруу жана күзөт департаментинин ишин мекеме аралык комиссия иликтейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөт (конвой) департаментинин ишин иликтеш үчүн мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы акыркы эки ай ичинде аталган департаментте үч жолу суицид катталганына байланыштуу жыйын өткөрүп, комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Ага мындай терс көрүнүштөрдүн себептерин иликтөө тапшырылды.

Эки ай аралыгында суицид аракетинде департаменттин эки аскери каза болуп, бирөө оор жарадар болгон.

Департаментте кызмат өтөгөн жоокерлердин акыркы жолу өзүнө кол салган учуру 31-июлда катталган. Бишкектин Ленин райондук сотунда шектүүлөрдү алып келгенден кийин конвой дааратканага кирип, өзүн атып алганы айтылган.

XS
SM
MD
LG