Чүй облусунун Аламүдүн районунда жоголгон бир туугандар Курманбек Алмазбек уулу жана Кутманбек Базарбаевдер Ысык-Көл облусунан, өз апасынын үйүнөн табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
13 жана 11 жаштагы өспүрүмдөр дайынсыз жоголуп кеткенин 31-июлда алардын жакындары Аламүдүн райондук милициясына билдиришкен. Ал эми милиция издөө жарыялаган.
Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында аларды балдардын өзүнүн апасы алып кеткени аныкталды. Иштин башка жагдайлары такталууда. (ErN)