Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Орусияда пенсиялык реформага каршы митингдер өтүп жатат


Пенсиялык реформага каршы өткөн Новосибирск шаарындагы митинг. 28-июль, 2018-жыл.
Пенсиялык реформага каршы өткөн Новосибирск шаарындагы митинг. 28-июль, 2018-жыл.

Орусиянын бир катар шаарларында өкмөттүн пенсиялык реформаларына каршы миңдеген адамдар катышкан митингдер өтүп жатат. Айрым калаалардагы акциялардын алды өтүп бүттү.

Митингдердин көбүн Коммунисттик партиянын жергиликтүү бөлүмдөрү уюштурууда. Аларга ошондой эле оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкерлери, "Открытая Россия", "Левый фронт" жана "Яблоко" партияларынын да өкүлдөрү катышууда. Нааразылыкка чыккандар өкмөттүн жана президенттин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

14-июнда пенсия курагын көтөрүү тууралуу чечимди премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөттүн жыйынында жарыялаган. Ал билдиргендей, сунуш кылынып жаткан планга ылайык өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Өкмөттүн сунушун Мамлекеттик Думанын депутаттары биринчи окууда кабыл алган.

Бул реформаларга ылайык 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек. Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG