Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Украинанын чыгышында малайзиялык учак атып түшүрүлгөнүнө төрт жыл болду


Кыйраган учактын сыныктары иликтенип жаткан учур. 1-август, 2014-жыл.
Кыйраган учактын сыныктары иликтенип жаткан учур. 1-август, 2014-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко буга байланыштуу Орусия “жоопко тартылышы” керек экенин кайрадан билдирди. Украин президенти 17-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына анын өлкөсү иликтөөчүлөргө “зарыл жардамдын баарын көргөзүп жатканын” да жазды.

Быйыл май айында курамына Австралиянын, Бельгиянын, Малайзиянын, Нидерландынын жана Украинанын бийлик адамдары кирген биргелешкен иликтөө тобу "Украинанын аба мейкиндигинде 2014-жылы Малайзиянын жүргүнчү учагын атууда колдонулган “Бук” ракеталык системасы Орусиянын №53 зениттик-ракеталык бригадасынан келген" деген тыянагын жарыялаган.

Малайзиянын Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

Орусия жана Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер Малайзиянын учагын алар атып түшүргөнү тууралуу маалыматтарды бир нече ирет төгүндөп, бул кырсыктын башка бир нече версияларын билдиришкен. Бирок алардын баарын эл аралык иликтөөчүлөр четке кагышкан.

Малайзиялык жүргүнчү учак “Бук” ракеталык системасынан Донецктин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагынан атылганын эл аралык иликтөө тобу 2016-жылы эле аныктаган.

Андагы баяндамада “Бук” системасы Украинага Краснодон аркылуу киргизилип, учак атып түшүрүлгөндөн кийин кайра дароо эле артка алынып кеткени көргөзүлгөн.

Июнь айында Евробиримдиктин лидерлери Орусияны “жоопкерчиликти алып, чындыкты, адилеттикти орнотуу” боюнча аракеттерге жардам берүүгө чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG