Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен алты жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда 15тен ашык куткаруучу иштеп жатат. Алар аймак-аймакка бөлүнүп, Чоң Чүй каналынын Москва районуна чейин издешүүдө. Азырынча жыйынтык бере элек.
13-июлда Бишкектин Ленская көчөсүндө алты жаштагы бала ойноп жатып, каналга түшүп кеткени кабарланган. (BkA)