Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Кыйноого кабылгандардын соту боюнча мониторинг жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Адам укуктары боюнча эдвокаси борбор” уюму өлкөдөгү сот жараяндары боюнча мониторинг жүргүзө баштады. Бул тууралуу бүгүн аталган уюм кабарлады.

Негизинен кыйноого жана ырайымсыз мамилеге кабылгандардын кылмыш иштери каралган соттук отурумдарга көңүл бурулат.

Учурда борбордун өкүлдөрү Ош, Бишкек, Кара-Суу, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Кант, Баткен, Каракол, Таш-Көмүр шаарларынын жана Оштун Араван, Жалал-Абаддын Бозор-Коргон айылдарынын биринчи инстанциядагы сотторундагы иштер боюнча мониторинг жасоодо.

Өкмөттүк эмес уюмдардын 2017-жылы чыгарган изилдөөсү боюнча, Кыргызстанда милиция кармаган учурда жана убактылуу кармоо жайларында ар бир үчүнчү адам кыйноого дуушар болот. (RK)

XS
SM
MD
LG