Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Өкмөт Кумтөргө байланыштуу жаңы келишимди карап жатат


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимди карап жатат. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков бүгүн парламенттин IV сессиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, өкмөт мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда, 2017-жылы күздө Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен түзүлгөн макулдашууну кайрадан кароодо:

- Кумтөрдүн тагдыры боюнча өкмөттө жаңы келишим каралып жатат. Анын жыйынтыгы кандай болоорун айта албайм. Келишимдин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине келишин күтүп жатабыз. Кумтөр менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей келген көп маселе бар. Эң негизгиси - элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишим каралса керек. Экономикага, айрыкча экология үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасы көбөйүшү мүмкүн.

14-июнда азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча соңку келишимде өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген. Абылгазиев канадалык компаниянын жетекчиси менен жолукканын, анда 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимди жакшыртуу жөнүндө ойлор айтылганын кошумчалаган. Мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар берээри айтылган. Келишимге коомчулукта нааразылык көп болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштар да көтөрүлгөн.

Андан бери Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы ("Chaarat Gold Holdings Limited") компаниясы жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG