Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:22

Өмүрбекова: Коррупция жоюлса казына толот


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Жакырчылыкты жоюу боюнча өкмөт жасап жаткан иш-аракеттер тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен маек.

Алтынай Өмүрбекова: Эң негизги максат - калкты иш менен камсыз кылуу. Кыргызстанда азыр 300 миңге чукул киши жөлөкпул алат. Былтыртан баштап "социалдык келишим" деген жакшы долбоор пилоттук негизде ишке кирди.

Аламүдүн, Өзгөн, Ноокен жана Ак-Талаа райондорунда муктаждарга жөн эле ай сайын жөлөкпул төлөй бербей, жалпы бир жылдык сумманын 75 пайызын дароо бердик. Ошол акчага айрым үй-бүлөлөр саан уй, кээси тоок алып, малина отургузуп, чарбасын оңдоп, ирденип кетишти.

Бул долбоор абдан пайдалуу болгондуктан, аны дагы башка аймактарга жайылтууну көздөп жатабыз. Маселен, Ак-Талаадагы долбоорго катышкан 27 үй-бүлөнүн 26сы жашоосун жакшырта алды.

Тоок фермасы
Тоок фермасы

Жалпысынан 176 үй-бүлө​ пилоттук долбоорго катышып, 173ү жакырчылык менен коштошту. Мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында да аз камсыз болгон жарандарыбызга социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатабыз.

"Азаттык": Сиз айткандар социалдык кедейликти жоюуга багытталган да. Ал эми экономиканы көтөрүү үчүн кандай иш-аракеттер жүрүп жатат?

Алтынай Өмүрбекова: Өндүрүш тармагында бир жыл мурда, 2017-жылдын июнь айында Салык кодексине өзгөртүүлөр кирген. Аймактарды өнүктүрүү, ал жактагы элдин миграцияга кетпей иш менен камсыз болушу үчүн жер-жерлерге завод салып же инвестиция тарткан ишкерлерди беш жылдык салыктан толук бошотуу жөнүндө чечим чыккан.

Албетте бул аймактарда өндүрүштү өркүндөтүүгө өтө чоң түрткү болушу керек. Бишкек менен Ош бул долбоорго кирбейт. Анткени азыр инвесторлордун баары эле ушул эки шаарды көздөп калбадыбы. Айылда инфраструктура жок болгону үчүн эл чоң шаарларга качып жатат. Биз тескерисинче ошол айылды оңдош үчүн салык жеңилдигин аймактарга бердик. Инвесторлор барса, эл иш менен камсыз болот, ички инфраструктура оңолот дегендей.

"Азаттык": Эл аралык аналитикалык топтор, басылмалар Кыргызстанды дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кошуп жазып жатышат. Буга кыргыз өкмөтү кандай жооп бере алат?

Алтынай Өмүрбекова: Менимче, бул туура эмес маалымат. Бир жыл мурда эле "Кыргызстан кедей мамлекеттердин арасынан толук чыкты" деген расмий маалымат бар.

Бирок "өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулдук" деп да айта албайм. Мындай деңгээлге жетиш үчүн абдан көп иш-аракеттер керек. Мисалы мамлекеттик инвестициялык программалардын негизинде келген акчаны туура пайдаланып, коррупцияны жоюп, инвесторлорго жөн эле куру сөз менен эмес, иш жүзүндө шарт түзүп берип, мыйзам чегинде коргоп, жалаң эле чет мамлекеттерден эмес, ички инвесторлорубузга да мыкты шарттарды түзүп беришибиз керек.

Башкысы - салык, бажы, милиция сыяктуу бардык органдарда коррупцияны жок кылуу зарыл. Салык төлөп жаткан ишкерлерге өтө аяр мамиле кылуу зарыл. Себеби, мамлекет дал ошолордун салыгы менен жан сактап жатпайбы. Коррупция жоюлса, салык казынага көп түшөт. Мунун баары бир механизм.

Элге жөлөкпул төлөп эле "маселени чечтик" деген болбойт. Жөлөкпулдун суммасы артышы үчүн да экономиканы ирдентүү керек. Негизи эле ар бир киши "мамлекет же бирөө бизге бир нерсе жасап берет" деген жанбакты көз караштан арылып, аракет кылганы оң.

Социалдык өнүгүү министрлиги айтып калат, алар айрым жөлөкпул алган жумушу жокторго кандайдыр бир ишти сунуш кылса баш тартып коюшат экен. Алар дароо эле айлыгы көп, мартабалуу жумуштарды көздөшөт. Бекер үйдө жатып, жөлөкпул алганча саламаттыгы жакшы болсо иштеп турганга эмне жетсин?

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG