Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдөн мунай импорттоо күйүүчү майдын кымбатташынын алдын алат.
- Жакында Тажикстандын өкмөт башчысы менен сүйлөштүк. Мунайды кайра иштетүү боюнча эки завод куруп бүтүшүптүр. Азыр "биз да силерге алып баралы" деген сунуш менен чыгышты. Болгону алардын талабы - "кайра башка өлкөгө экспорттобогула" деди. Биз макул болуп атабыз.
Ошондой эле мунай боюнча сүйлөшүүлөр Казакстан менен да жүрүп жатканы белгилүү болду. Кыргызстанга негизинен күйүүчү май Орусиядан ташылып келет.
Кыргызстанда күйүүчү май мындан ары да кымбатташы болжолдонууда. Бул Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөнүнө байланыштуу. Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 42 сомдон 48 сомго чейин сатылууда.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, акыркы айларда дүйнөлүк мунай базарында баа көтөрүлүп отуруп, акыркы 3,5 жылдан бери алгачкы жолу бир баррель мунайдын баасы 80 доллардан ашып түштү. (TSh)