2018-2019-жылдары Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылат. Бул тууралуу Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинде айтылды.
Саммите сөз сүйлөгөн Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана быйыл толук кандуу мүчө катары катышып жаткан Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанды куттуктап, жемиштүү иш каалашты.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитине катышуу үчүн Бээжинден, Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин учуп келген. Саммит Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясындагы Сары деңиздин боюндагы Циндао шаарында өтүп жатат. (КЕ)