Парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылы аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуу маселеси киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Токбаева майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде маалымат берген. Жыйында депутаттар тармакта коррупция дагы эле бар экенин, соттордун ишине, сот чечимдерине карата элдин нааразылыгы көп болуп жатканын, реформа ишке ашпаганын айтып, сынга алышкан. Бир катар саясатчыларга, журналисттерге, оппозиция өкүлдөрүнө карата чыгарылган сот чечимдерине нааразы пикирлер айтылган. Жыйынтыгында Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бишкек Жылуулук электр борборуна байланышкан маселени талкуулоо көпкө созулуп кеткендиктен, Жогорку соттун төрайымынын парламенттин жалпы сессиясындагы отчету улам артка жылып келген. (NT)