Ирак соту 3-июнда франциялык Мелина Бухедирди "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө болгон деп таап, өмүрүнүн аягына чейин абакка кести.
27 жаштагы Бухедир төрт баланын энеси. Сотко эки жашар кызы менен келген. Калган үч баласы Францияга кайтарылганын "Франс пресс" агенттиги маалымдады.
Бухедир соттогу сөзүндө 2016-жылы күйөөсүнө алданып кеткенин айтты. "Эгер ээрчип Иракка барбаса ал балдарды алып кетип калмак" деди.
Күйөөсү Мосулду террорчулардан бошотуу операциясы учурунда өлгөн.
Өткөн аптада француз тышкы иштер министри Жан Ив Ле Дриан Мелина Бухедирди "Ирактык аскерлерге каршы күрөшкөн террорчу" деп атаган.
Ирактын ири шаары Мосулду бошотуу операциясы учурунда согушкерлердин үй-бүлө, жакындары делген миңдеген адамдар кармалган. Алардын жүздөгөнү чет өлкөлүктөр.