Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош аймактык бөлүмү жоюлат


Ош шаарында өткөн фестиваль.
Ош шаарында өткөн фестиваль.

Өкмөт Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош аймактык бөлүмүн жоюу тууралуу токтом чыгарды. Бул чечим өкмөттүн мамлекеттик мекемелердин түзүмүн оптималдаштыруу иштеринин алкагында кабыл алынды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Кубаныч Шадыбеков билдирди. Анын айтымында, бул борбор норманы бузуп, өкмөттүн токтому менен эмес, министрдин чечими менен гана түзүлүп калган.

Өкмөт кызматкерлердин санын 10 пайызга азайтып, мамлекеттик мекемелердин түзүмүн оптималдаштырууга бел байлады. Муну менен аткаруу бийлиги жыл сайын 200 млн. сомдой каражат үнөмдөй турганын билдирип жатат.

Ош облустук элдик өнөр борбору былтыр апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймак боюнча маданий борбору болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси болуп Ош улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров дайындалган эле. (KE/KR)

XS
SM
MD
LG